Манас шаарында өзгөчө балдар үчүн социалдык борбор ачылды

Аймак 2 апрель 2026 18:08
662980318_122123189517138108_3050365726220478823_n.jpg
662230866_122123189877138108_2492937268177639312_n.jpg
662196206_122123189727138108_3749490455752854655_n.jpg
661383842_122123189469138108_5490910414314956541_n.jpg
661431759_122123189427138108_5918211893711291585_n.jpg
662251231_122123189337138108_1221167119573379755_n.jpg
661383836_122123189253138108_8560021952316572691_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Манас шаарында “Аутизм Победим Кей Жи” аталышындагы социалдык борбор ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган борбор аутизм менен жашаган 1,5 жаштан 8 жашка чейинки балдарга көмөк көрсөтүүгө багытталган. Бул жерде адистер тарабынан церебралдык шал оорусу (ДЦП), аутизм спектринин бузулуусу (АСБ), психо-сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү (ЗПРР) жана сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү (ЗРР) менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүлөт.

Аталган мекеме заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, борбордо 20дан ашуун жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет.

Ошондой эле борбор бир убакта 200дөн 300гө чейин балдарды кабыл алып, тиешелүү кызматтарды көрсөтүүгө ылайыкташкан.