Манас шаарында Юстиция үйү ачылды

Аймак 506 06 Март 2026 10:48
1.jpg
646421288_2028589931341594_5506550127756088359_n.jpg
646444301_2028591114674809_6581104710543937231_n.jpg
646448129_2028591011341486_3321705450677190884_n.jpg
646741653_2028591208008133_3907750192494464297_n.jpg
647023805_2028591351341452_2239595762188057394_n.jpg
647309319_2028591278008126_3739835705932485083_n.jpg
648128360_2028590178008236_1078654369228672049_n.jpg
648183775_2028591308008123_6343260244202353686_n.jpg
648265848_2028590688008185_1637053698782409912_n.jpg
648401364_2028590234674897_8660659033137221995_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бүгүн Манас шаарында заманбап талаптарга жооп берген Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Үч кабаттуу жаңы имарат жарандарга укуктук кызматтарды ыңгайлуу, ыкчам жана сапаттуу көрсөтүү максатында курулду. Буга чейин аталган жерде эски мамлекеттик нотариалдык кеңсе жайгашып, кызмат көрсөтүү чектелген шартта жүргүзүлүп келген.

Анда мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү жана юридикалык жардам көрсөтүү кызматтары жайгаштырылган. Мындан тышкары, энелер жана балдар бөлмөсү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу системалары жана архивдик шарттар каралып, жарандар менен кызматкерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.