Манас шаарында стоматологиялык поликлиника мамлекетке кайтарылды

Аймак 9 декабрь 2025 11:31
WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.20.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.20.26.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.20.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.20.26.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Манас шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген стоматологиялык поликлиниканын имараты жана жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Жалалабадстоматология" поликлиникасынын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 113 млн 872 миң сомдук имарат жер аянты менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды.