Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Манас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында практикалык машыгуу өткөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тургундарга өрт чыккан учурда өзүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүшүп, эвакуациялоо тартибин көрсөтүштү жана өрт өчүрүү шаймандарын колдонуу боюнча көрсөтмө беришти.
Машыгуунун максаты – жарандардын коопсуздук маданиятын жогорулатуу жана өрт кырсыгы болору учурда туура аракеттенүүгө үйрөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарында эки ири өрт кырсыгы катталды. Алардын бири 19-октябрда Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатыры күйгөн. Өрт болжол менен 2000 чарчы метрди каптады, бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.
Ал эми күн мурун 22-октябрда турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы аял 5 баласы менен каза болду.