Манас шаарында мектепке 375 орундуу кошумча корпус салынууда

Аймак 19 Май 2026 15:40
701488855_1490156792583365_4755243377549865480_n.jpg
703065110_1490156765916701_8626407321470625234_n.jpg
Алдыга
Артка
701488855_1490156792583365_4755243377549865480_n.jpg
703065110_1490156765916701_8626407321470625234_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Манас шаарындагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу кошумча корпус курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери кызуу темпте уланууда.

Башкы планга ылайык, жаңы имараттын жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттан турат. Анда заманбап окуу класстары, жыйындар залы, лаборатория, китепкана, ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана каралган.

Учурда имараттын биринчи кабатын жабууда бетон төшөө иштери аяктады. Кошумча окуу корпус пайдаланууга берилгенден кийин эки мөөнөт, 800гө жакын окуучу билим алууга шарт түзүлөт.