Манас жана анын 40 чоросуна арналган китептин бет ачары өттү

Маданият 25 Ноябрь 2025 17:10
1.jpg
590041642_1626642934984142_6190926003160652010_n.jpg
588397255_1626643201650782_87719692306302246_n.jpg
588436933_1626643058317463_4771488399342669642_n.jpg
588108035_1626643374984098_1853726047402616421_n.jpg
588748787_1626642974984138_4847241191032442805_n.jpg
588861423_1626643254984110_3849152689950513250_n.jpg
589410490_1626643601650742_8600467299222417269_n.jpg
589622791_1626643011650801_1178570561477862492_n.jpg
589627990_1626643224984113_129705879331470630_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Бүгүн Манас шаарынын мэриясында "Манас" улуттук академиясынын "Кан Манастын кырк чоро" китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, "Манас" улуттук академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Назира Аалы кызы баштаган академиянын өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери катышты.

"Бул китеп – жөн гана чыгармалар жыйнагы эмес, бул дүйнөнү аралап өткөн Манас даңкынын, кыргыз элин биримдикке чакырган мурастын, унутулгус баатырдык салттын дагы бир терең изилдениши десек туура болот", -деген мэр китепти даярдаган "Манас" улуттук академиясынын эмгек жамаатына ыразычылык билдирди.

Ал эми аталган академиянын президентинин милдетин аткаруучу Назира Аалы кызы шаар мэри Эрнисбек Ормоковго төш белги жана китеп тапшырып, өз ара кызматташтык алдыда улана тургандыгын билдирди.