Бишкек, 10.11.25./Кабар/. 12,15,18-ноябрь күндөрү Манас шаарында эл аралык MANAS CUP 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши өткөрүлөт.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, мелдеште Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиясынын Олипиадалык курамалары күч сынашат.
Оюндар Манас шаарынын "Курманбек" стадионунда өтөт. Турнирдин максаты — жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзүү болуп саналат. Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Курама командабыздын беттештеринин жүгүртмөсү:
- 12-ноября |19:00, Кыргызстан - Бахрейн;
- 15-ноября | 19:00, Иран - Кыргызстан;
- 18-ноября | 19:00, Кыргызстан - Россия.
Кураманын оюндары алдында күйөрмандар үчүн атайын концерттик программа, шоу-программа уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулат. Ал эми оюндардын старттык ышкырыктары саат 19:00дө жаңырат.
Кыргыз футбол биримдиги бардык күйөрмандарды оюндарды көрүүгө жана улуттук командага колдоо көрсөтүүгө чакырат.
Беттештерге билеттер https://ticket.kg/ сайтында жеткиликтүү.