Манас шаарында “Өлбөс полк” жөө жүрүшү өттү

Аймак 09 Май 2026 13:40
691652410_2079838386216748_4107159236246764613_n.jpg
690766376_2079812092886044_7980567373894686383_n.jpg
690823542_2079838406216746_3089643044317145076_n.jpg
690786118_2079838372883416_8068877762617932801_n.jpg
689017176_2079837802883473_6964490328417485714_n.jpg
691461849_2079831952884058_8151773445301352298_n.jpg
692068232_2079833256217261_4796230067106842391_n.jpg
692779211_2079838149550105_7324956584511340890_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Бүгүн Манас шаарында 9-Май – Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чара алгач “Өлбөс полк” жөө жүрүшү менен башталды. Ага үч миңден ашуун жаран катышты.

Ошондой эле облустагы Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүлчамбар коюлду.

Салтанатта облус башчысы Тилек Текебаев Улуу Жеңиштин тарыхый маанисине токтолуп, ата-бабалардын мекен үчүн көрсөткөн эрдиги, кайратмандыгы жана тынчтык үчүн жасаган каармандыгы эч качан унутулбасын белгилеп, алардын өрнөктүү жолу келечек муундар үчүн чоң сабак жана сыймык экенин айтты.

Иш-чаранын алкагында облус жетекчиси концлагердин туткуну Валентина Симоненкого президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун жеткирип, белектерин тапшырды.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда бир гана согуш ардагери Базар-Коргон районунун 101 жаштагы тургуну Мурза Далиев жашайт. Ошондой эле Манас шаарында концлагердин туткуну Валентина Симоненко, ошондой эле Аксы районунда 1, Базар-Коргон районунда 3 жана Ноокен районунда 1 ооруктун ардагери бар.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Жалал-Абад облусунан 34 миң 174 жоокер аттанып, алардын 12 миң 557си курман болгон. Ал эми 10 миң 257 жоокер дайынсыз жоголгон.