Манас шаарында концерт менен коштолгон жаңы жылдык иш-чара өтөт

Аймак Загрузка... 31 Декабрь 2025 09:42
IMG-20251230-WA0114.jpg
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Манас шаарында шаар тургундары жана кадырлуу коноктору үчүн Жаңы жыл майрамына арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын "Азаттык" аянтында көрүүчүлөр үчүн атайын даярдалган концерттик программа тартууланып, кызыктуу оюндар орун алат.

"Жаңы жылдык керемет маанай ар бир келген мейманга унутулгус таасир калтырат. Бул кече шаар тургундарын бириктирип, эски жылды узатып, жаңырган жылды үмүт жана жакшы тилектер менен тосууга мүмкүнчүлүк берет", – деп айтылат маалыматта.

Майрамдык иш-чара 31-декабрь күнү, саат 18:00дө башталат.