Манас шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин отуруму өтүүдө

Аймак 30 октябрь 2025 14:25
027A5729.JPG
027A6169.JPG
027A6030.JPG
027A5822.JPG
027A5804.JPG
027A5768.JPG
027A5758.JPG
027A5753.JPG
027A5742.JPG
027A5726.JPG
027A5661.JPG
027A5640.JPG
027A5629.JPG
027A5582.JPG
027A5545.JPG
027A5527.JPG
027A5471.JPG
027A5346.JPG
027A5283.JPG
027A5256.JPG
027A5206.JPG
027A5142.JPG
Алдыга
Артка
027A5729.JPG
027A6169.JPG
027A6030.JPG
027A5822.JPG
027A5804.JPG
027A5768.JPG
027A5758.JPG
027A5753.JPG
027A5742.JPG
027A5726.JPG
027A5661.JPG
027A5640.JPG
027A5629.JPG
027A5582.JPG
027A5545.JPG
027A5527.JPG
027A5471.JPG
027A5346.JPG
027A5283.JPG
027A5256.JPG
027A5206.JPG
027A5142.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Бүгүн Манас шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин 91-отуруму өтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Отурумга Россиянын Федералдык коопсздук кызматынын директорунун биринчи орун басары – Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишов төрагалык кылууда.

Отурумга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун делегациялары катышууда.

Иш-чарада президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрүнүн жана Тажикстандын чек арага канатташ аймактарынын - Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун жана Согди облусунун жетекчилеринин катышуусуна  өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катышуусу чек арага канатташ облустар чек ара коопсуздугун бекемдөө маселелерине жана аймактык деңгээлде мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга кызыктар экендигин айгинелейт.

Отурумду ачып жатып министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев КМШ өлкөлөрү үчүн жамааттык коопсуздукту камсыздоодо бул иш-чара маанилүү экендигин белгиледи.

Ал өз сөзүндө тышкы чек араларды коргоо жаатында биргелешкен күч-аракеттер жана тажрыйба алмашуу эффективдүү жана бирдиктүү коопсуздук стратегиясын иштеп чыгууга негиз болоорун  баса белгиледи.

"Сырткы коопсуздукка коооптонуу бизден ыкчам реакцияны гана эмес, өлкөлөрүбүздүн тышкы чек араларында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн узак мөөнөттүү пландаштырууну да талап кылган глобалдуу өзгөрүүлөр доорунда жашап жатабыз", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал маалымат алмашуу жаатында, транс улуттук кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүдө жана чек ара ведомстволорунун кадрдык потенциалын кеңейтүү маселелесинде санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев коопсуздукка жаңы чакырыктар кооптуу болуп жаткан учурда аткезчиликке каршы күрөшүүдө, ошондой эле киберчабуулдар жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюуда учкучсуз учуучу аппараттардын колдонулушу адистерди даярдоо жаатындагы кызматташтыкка көңүл бурдурду. Ал кыргыз элинин биримдигинин жана эркиндигинин символу болгон Манас шаары КМШ өлкөлөрүнүн жалпы чек араларындагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эң ылайыктуу аянтча экенин баса белгиледи.

Жыйындын күн тартибинде отурумдун катышуучулары КМШ мамлекеттеринин тышкы чек араларындагы абалды жана анын өнүгүү тенденцияларын кабарлаган докладдарды, Чек ара аскерлеринин колбашчылар кеңешинин 2025-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктарын  жана 2026-жылга карата коюлган тапшырмаларды угушат.

Ошондой эле илимий-изилдөө жана билим берүү ишмердиги, биргелешкен операциялардын натыйжалуулугун жогорулатуу, терроризм, баңгизат трафиги жана кибер коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча маселелер каралат.