Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайы курулууда

Аймак 14 Май 2026 11:50
699752793_1485085256423852_7689545471137515315_n.jpg
698752164_1485085126423865_3374603836017541771_n.jpg
697777751_1485085076423870_8830950045358151557_n.jpg
Алдыга
Артка
699752793_1485085256423852_7689545471137515315_n.jpg
698752164_1485085126423865_3374603836017541771_n.jpg
697777751_1485085076423870_8830950045358151557_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Манас шаарында 5200 орундуу заманбап борбордук спорт сарайы курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Башкы планга ылайык, спорт сарайынын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары, VIP коноктор үчүн атайын орундуктар, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн аянтча, медициналык пункт, тамактануучу жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

Жаңы спорт сарайы пайдаланууга берилгенден кийин шаар тургундары үчүн ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.