Манас шаарында 3200 орундуу филармония жана заманбап музей курулат

Аймак Загрузка... 24 Декабрь 2025 17:16
558323391_8267.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Манас шаарында 3 миң 200 орундуу филармония жана заманбап музей курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, маданият тармагында мекемелердин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча бир катар иштер аткарылды. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун курулушуна 990 миллион сом бөлүндү. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын окуу корпусунун курулушуна 750 миллион сом бөлүнгөн.

“Маданий инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган ушундай долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. 2025-жылдын 10-декабрында Кыргызстандын улуттук суусундугу максымды ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү өлкө үчүн маанилүү окуя болду”,-деп белгиледи ал.