Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Манас шаарынын Дача аймагындагы 1500 кожолуктун эски суу түтүктөрү жаңыланууда. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорго президенттин Турукташтыруу фондунан берилген саркынды суу түтүктөрүн тартууга бөлүнгөн каражаттан үнөмдөлгөн 30 млн сом жумшалууда.
Долбоордун алкагында 5 миң 645 метр негизги суу түтүгү, турак үйлөргө тартылуучу 22 чакырым суу түтүгү жана 300 суу эсептегич орнотулат.
Долбоорду жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.