Манастагы базардан баасы 1 млн сомдон ашкан мыйзамсыз тамеки табылды

Экономика 670 18 Февраль 2026 15:27
635108584_1200315632273742_765648086821873582_n.jpg
637101709_1200315615607077_8942059325145109908_n.jpg
637123127_1200315705607068_4545703260282729897_n.jpg
637507319_1200315735607065_8048907321766670566_n.jpg
637718638_1200315685607070_7342301694300512700_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Манас шаарындагы базарда акциздик маркасы жок дээрлик 10 миң даана тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Текшерүүдө акциздик маркасы жок жалпы суммасы 1 млн 163,4 миң сомду түзгөн 9 миң 695 даана тамеки буюмдары, ошондой эле 24 таңгак мыйзамсыз электрондук тамеки жана 33 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки продукциясына окшош заттар (снюс) табылган.

Аныкталган товарлар мыйзамда белгиленген тартипте тартып алынып, тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, салык контролун жүргүзүүдө кызмат адамдарынын мыйзам талаптарына тоскоолдук кылуусу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик чараларына алып келет.

Ошондой эле маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.