Манас шаарына жылуулук качан берилери айтылды

Аймак 5 ноябрь 2025 17:18
Манас шаарына жылуулук качан берилери айтылды
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Манас шаарына 6-ноябрдан тарта жылуулук берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Белгиленгендей, жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.