Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын азыркы чыгармачылык багытын Курманбек Ниязбеков жетектейт. Облустук бул маданий борбордо акыркы жылдары бир катар өзгөрүүлөр орун алууда. Биз анын жетекчилиги алдындагы театрдын бүгүнкү абалы жана жаңылыктары тууралуу маектештик.

— Саламатсызбы? Сиздердин театрда кандай жаңылыктар бар?
— Саламатчылык! Биздин театрда быйылкы жылы чыгармачылык жактан да, чарбалык жактан да бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Актерлордун квалификациясын жогорулатуу максатында казакстандык режиссер, балетмейстерлер тарабынан мастер-класстар жана жергиликтүү сахна чеберлери тарабынан театр өнөрү, актерлук искусство, сахна кеби боюнча сабактар өтүлдү.
Алты айдын ичинде “Метранпаж” комедиясы, “Менин мугалимим” мотивациялык драмасы жана “Нурамандын ак чатыры” психологиялык драмасы көрүүчүлөргө тартууланды. Балдар үчүн “Дүрпаша” жомогу даярдалып, “Скапендин жоруктары” спектакли сахналаштырылууда.

Алдыда адабият күнүнө карата Барпы Алыкуловдун чыгармаларын Кудайберди Арапбаев деген кызматкерибиз 3 сааттай жандуу аткарат. Ал “Бир театрдын актеру” деген программанын негизинде коюлуп, түз эфирде да берилет.
— Театр акыркы жылдары кандай ийгиликтерди багындыра алды? Сиз көркөм жетекчи катары театрга кандай өзгөрүүлөрдү киргиздиңиз?
— Жакында Ош шаарында өткөн театр фестивалында “Нурамандын ак чатыры” “Мыкты ансамбль” номинациясын жеңип, эненин ролундагы актрисабыз Шахрезада Шактыбекова сыйлыкка татыды. Убагы менен гастролдук сапарларга чыгып, 3-5 жылдык алдын ала пландар менен иштеп жатабыз. Андан сырткары, жаш режиссерлорго да орун берилүүдө. Алар тарабынан дагы бир катар спектаклдер сахналаштырылып жатат.

— Жакында театр оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул жаңылануу замандын талабына жооп бергидей болдубу?
— Чарбалык жаңылыктардан айта турган болсом, президенттин жана Маданият министрлигинин колдоосу менен театрыбыз толук капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен өтүп, жаркырап калды. Сахнага LED-экран орнотулуп, жарык берүүчү жана музыкалык аппаратура толугу менен жаңыланды. Замандын талабына дээрлик жооп бергидей болду десем болот.
— Театрда актерлор жетиштүүбү? Жаш актерлорго кандайдыр бир артыкчылыктар берилип, шарттар түзүлүп жатабы?

— Театрдагы дагы бир жаңылык – кадрдык толукталуу болду. Атап айтканда, бизге Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинен 5 бүтүрүүчү келди. Аларга жаңыланган жатаканадан орундар берилип, колдон келишинче шарттарды түзүп бердик. Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде мурдараак коюлган “Сырдашуу” спектаклин жаңылап чыгарышты.
Негизинен алганда актерлор жетиштүү. Бирок, дагы деле кабыл алууга даярбыз.
— Негизи эле Барпы театрынын бүгүнкү көрүүчүсү кандай? Көрүүчүнү театрга тартуу боюнча кандай иштер жасалып жатат?
— Театрдын жаш, орто жана улуу муундагы көрүүчүлөрү бар. Аларды театрга тартуу үчүн туруктуу репертуарды түзүп кармоого, Манас шаарын дагы ошого көндүрүүгө аракет кылып жатабыз.
Андан сырткары, азыркы замандын талабына жараша СММ адисин алдык. Ал театрда жасалып жаткан иштерди тынымсыз чыгарып, жаңылыктарды жарыялап жатат.

— Аудиториянын табити өзгөрдүбү?
— Бүгүнкү күндө көрүүчүлөр турмуштук комедияларды, социалдык драмаларды көбүрөөк жактырып жатышат. Мындан бир нече жыл мурун үй-бүлөлүк зомбулук, мектеп рэкетчилиги, миграция маселелери камтылган “Кыйылган өмүр” спектаклин койдум эле. Ушул спектакль суроо-талапты көп жаратып, аны менен көп жерлерди кыдырдык. Эл андан сырткары комедия жанрын дагы жактырат. Быйылкы жазда “Атанын сөзү” поэтикалык мюзиклин, “Траги-комедия” музыкалык комедиясын койдук. Сөз аз колдонулуп, актерлук чеберчиликтин негизинде аткарылды. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты. 2026-жылы дагы мюзикл коюуну пландап жатабыз.

— Эми өзүңүздүн жеке чыгармачылыкка токтолсок, буга чейин актер катары эмгектенгенсизби? Жалпы чыгармачылык жолуңуз тууралуу кыскача айтып өтсөңүз.
— Мен алгач Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театр окуу жайын “Актёрдук искусство” адистиги боюнча жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университитетин “Драмалык театрдын режиссёру, педагог” адистиги боюнча аяктагам. Сахнада роль жаратып, бир катар тасмаларга тартылдым. Телеканалдарда алып баруучу, окутуучу, үн коштоочу, обончу катары айтор, “чыгармачылык” деген чоң казанда кайнап келе жатам.