Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору болот

Президент
Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору болот
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Манас шаары өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык хабга жана ишкердик борборго айланат.

“Ошондой эле аймактардын өнүгүүсүн теңдештирүү, шаарлардын экономикалык потенциалын жогорулатуу жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери улантылат”, — деди президент.