Манас шаары Анкарага Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусун өткөрүп берди

Маданият Загрузка... 18 Декабрь 2025 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.12.25 /Кабар/. Күн мурун Манас шаары Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусун Манас шаарынан Анкара шаарына өткөрүп берди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Барпы театрынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, салтанаттуу иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Анкара губернаторунун орун басары Изеттин Севгили, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана башка дагы расмий өкүлдөр катышты.

Иш-чаранын маданий бөлүгүндө Барпы театрынын артисттери өз өнөрүн тартуулап, кыргыз жана түрк авторлорунун музыкалык чыгармалары жаңырды.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси жана Түрк мамлекеттер уюмунун колдоосу менен 2025-жылы Манас шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.