Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргыз өнөрпоздору Швейцариянын Фрибур шаарында өткөн эл аралык руханий музыка фестивалына катышып, өлкөнүн маданий мурасын дүйнөлүк аренада тартуулашты. Бул тууралуу Улуттук "Манас" театры билдирет.
Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчысы, эмгек сиңирген артист Самат Кочорбаев жана "Ураан" ансамбли FIMS (Festival International de Musiques Sacrées) эл аралык фестивалда Кыргызстандын атынан өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чаранын алкагында артисттер көрүүчүлөргө кыргыз элинин салттуу музыкасын, манас айтуу өнөрүн жана улуттук маданиятын көрсөтүштү. Алардын чыгармалары эл аралык көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратып, элибиздин бай руханий мурасы жогорку баага татыды.
"Манас" театрынан билдиришкендей, мындай эл аралык иш-чараларга катышуу ар түрдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл жамааттары менен маданий байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана келечектеги кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.