Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Чүй облусундагы Манас – Камышановка унаа жолунун титулдук тизмеге киргизилген 10 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, иштерди №958 Жол эксплуатациялык мекемеси жүргүздү. Жолдун жалпы узундугу 32 чакырымды түзөт.
Быйыл пландалган 10 чакырым толугу менен асфальтталып, калган бөлүгүндөгү иштерди кийинки жылы улантуу пландалууда. Жолду оңдоо иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Иштер Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө.