Сузакта 7,3 чакырым жолго алгачкы жолу асфальт төшөлүүдө

Аймак
copyright icon www

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында Нефти-Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун оңдоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы узундугу 7,3 чакырым болгон жолдун 6,5 чакырымына асфальт төшөлдү.

"Жолдун асфальт катмарынын калыңдыгы 7 сантиметр, туурасы 7 метрди түзөт. Учурда жолдун бир тарабында туурасы 1,5 метр болгон тротуар куруу үчүн жер иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле сел коркунучу бар тилкелерде бетон суу өткөрүүчү арыктар курулат", - деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштерине 22 атайын техника жана 12 кызматкер тартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин бул жолго асфальт төшөлгөн эмес. Анын орду 5 метрлик чаң жол болгон. Учурда жолдун туурасы 15 метрге чейин кеңейтилип, асфальт биринчи жолу төшөлүүдө.