“Манас” эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары өттү

Маданият 2202 27 Март 2025 14:20
486750558_960418202916603_5557054224278542663_n.jpg
486644594_960413129583777_3745336698973654809_n.jpg
486869661_960412429583847_4802991896683793432_n.jpg
486678629_960412502917173_4906565648257175776_n.jpg
486763836_960412509583839_6129380252037151393_n.jpg
487048946_960412782917145_7759219370675512849_n.jpg
487169405_960412689583821_5343543959179380213_n.jpg
486462850_960412952917128_750077423025362947_n.jpg
486570224_960412659583824_3647596572710147290_n.jpg
487225098_960412822917141_1228543852093155698_n.jpg
486325853_960418189583271_2159260689078316543_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. “Манас” эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары болду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 27-мартта “Манас” улуттук академиясынын демилгеси жана каржылык колдоосу менен даярдалган “Манас Ордо” улуттук комплексинин “Манас” эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары, Инновациялык борбордо болуп өттү.

Блгиленгендей, бул долбоордун жардамы менен дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, Кыргызстанга, "Манаска" кызыккан жөнөкөй турист, сыртта жүргөн миллиондогон мекендештерибиз “Манас” эпосу музейин кыдыра алат. “Санарип эгиз” долбоору Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүүдөгү маанилүү кадам болуп, кызыккандарга Үчилтик боюнча кенен маалымат алууга, музейге виртуалдык экскурсия жасоого жана анын бай экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүк түзөт.

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, Улуттук кеңештин мүчөлөрү, эл жазуучулары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, манасчылар музейлердин жетекчилери, профессорлор жана студенттер катышты.

Иш-чарада келген коноктор долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, санариптештирүүнүн маданий мурастарды сактоодогу орду жана “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданий мейкиндикте татыктуу орун алышына кошо турган салымы тууралуу пикирлерин билдиришти.

“Санарип эгиз” инновациялык долбоору– жаңы ыкмалардын жардамы менен “Манас” эпосун даңазалоо.

Маалымат үчүн: Музейдин санариптик эгизи– бул инновациялык чечим, ал колдонуучулар үйдөн чыкпай эле “Манас” эпосунун мааниси жөнүндө маалымат, каармандар тууралуу кабар алып, тарыхка саякат жасоого мүмкүндүк берет. Виртуалдык платформа-маданий мурастарды муундар үчүн сактап, дүйнөнүн картасында Манас ааламын аныктап, белгилеп бекемдегенге шарт түзөт.

“Манас” улуттук академиясы бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууну улантып, улуттук руханий мурасты илимий жана заманбап усулдар менен изилдөө, жайылтуу жаатында иш адып барууну уланта бермекчи",-деп айтылат маалыматта.