Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Кыргыз эли үчүн "Манас" эпосу – чексиз кайраттуулукту, атуулдук ар-намысты, Ата Журтту терең сүйүүнү даңктаган руханий ырыскы, - деди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Манас" эпосунун күнү менен куттуктоосунда.
Анын айтымында, "Манас" эпосу кыргыз элинин турмушун, каада-салтын, тарыхын чагылдырган энциклопедия, кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эбегейсиз салымы.
"Биз, бардык кыргызстандыктар, бул эң улуу маданий мурас, руханий шедевр менен, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганы менен сыймыктанабыз.
"Манас" эпосун В.Радлов, Ч.Валиханов, В.Жирмунский, М.Ауэзов, Б.Юнусалиев, Ч.Айтматов жана башкалар сыяктуу дүйнөгө белгилүү окумуштуу-жазуучулар изилдешкен. Алардын терең талдоолору, илимий макалалары улуу мурасыбыздын баа жеткис экенин далилдейт.
Манасчыларыбыз өзүнүн кайталангыс талантынын, бийиктен берилген гениалдуу касиетинин аркасында байыркы тарыхты бүгүнкү күн менен байланыштырган көпүрө.
Кыргыз эли үчүн "Манас" эпосу – чексиз кайраттуулукту, атуулдук ар-намысты, Ата Журтту терең сүйүүнү даңктаган руханий ырыскы. Элибиздин ким экендигин аныктап турган "Манас" эпосун сактай алсак, элибизди, өлкөбүздү сактай алабыз. Ал ар бир жарандын милдет жана парз!", - деди ал.
2022-жылы КР президенти "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын кабыл алган.