“Манас” эпосу көчмөн маданиятынын маанилүү бөлүгү — түрк профессор

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 16:40
“Манас” эпосу көчмөн маданиятынын маанилүү бөлүгү — түрк профессор
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Көчмөндөр маданиятында музыка коомдук жашоонун маанилүү бөлүгү катары көчүп-конуу салты менен тыгыз байланышта болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эл аралык музыка жана бий салттары кеңешинин (ICTMD) Түрк дүйнөсү боюнча изилдөө тобунун төрагасы, профессор Абдуллах Акат билдирди.

Ал белгилегендей, кыргыз элинин дастанчылык салты, анын ичинде “Манас” эпосу көчмөн маданиятынын маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

“Музыка — коомдук жашоонун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Кыргызстанда дастанчылык салт, “Манас” эпосу көчмөн маданиятынын өзгөчө маанилүү бөлүгү. Түркияда да жайлоо жана көчүү маданиятында музыка чеберлери дайыма алдыда жүрүшкөн. Көчүп бара жаткандар музыка багытында өнөр адамдарын ээрчишкен. Ошондуктан музыка көчүүнүн эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири болгон”, — деди Абдуллах Акат.

Профессор Кыргызстанда салттуу музыканы сактоо жана өнүктүрүү багытында биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул багытта Кыргызстандын белгилүү өнөрпозу Роза Аманова менен көп жылдан бери кызматташып келишет.

“Бул Кыргызстанга бешинчи же алтынчы келишим. Ар бир келген сайын жаңы нерселерди үйрөнүп, ошол эле учурда бири-бирибизге изилдөө багытында салымыбызды кошуп жатабыз. Бул ири иш-чаранын алкагында музыканын камтылышы өзү чоң мааниге ээ”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аталган эл аралык илимий конференция өтүүдө.