Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" эпосун аудиокитеп форматына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорго министрлик тарабынан 3 млн сом бөлүнгөн.
Кечээ, 23-сентябрда аудиокитептин алгачкы бөлүгү жарык көрдү. Аны Шайырбек Абдрахмановдун YouTube каналынан угууга болот: