Бишкек 23.05.25 /Кабар/. Бүгүн, 23-майда журналист Шайырбек Абдрахман уулу кыргыз элинин даңктуу мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун академиялык варианттарын мамлекеттик архивге, Улуттук “Манас” академиясына жана Улуттук “Манас” театрына расмий түрдө өткөрүп берди. Иш-чара Улуттук “Манас” академиясында өтүп, ага манасчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Шайырбек Абдрахман уулу “Манас” эпосун көркөм жана таанып-билүүчүлүк өңүттө кара сөз түрүндө айтып берип, өзүнүн YouTube каналында кеңири аудиторияга тартуулап келет. Ал буга чейин улуу эпосту негизинен Сагымбай Орозбак уулунун вариантында сунуштап жүргөн. Мындан ары “Манас” эпосунун айтылышы залкар манасчы Саякбай Каралаевдин вариантында Улуттук “Манас” академиясынын студиясында жаздырылары белгилүү болду. Бул демилге эпосту оригиналдуу формасында сактоо жана жайылтуу багытындагы аракеттердин уландысы болуп саналат.
Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев аталган иш-чарада Шайырбек Абдрахман уулун “XXI кылымдын YouTube манасчысы” деп атап, анын айтып берүүчүлүк чеберчилигине, үнүнүн ыргагына, эпосту заманбап тил менен жеткирүү ыкмасына баа берди.

“Манас баянын сен өтө жогорку деңгээлдеги драматизм менен, кээде сөз менен айтып, кээде ырдан окуп берип, ар кандай эмоциялык боёк берип, кыска-нуска түрдө көрүүчү тажабагыдай кылып баяндап жатасың. Өтө жакшы ишти баштадың”, - деди ал.
Ал эми Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев Шайырбек Абдрахман уулунун жасап жаткан ишине жогорку баасын берип, “Бир кезде манас угуучулар “Манас” театрына батпай кала турган учур да келет. Себеби, убакыттын өтүшү менен улуттук баалуулуктар кайрадан жанданып келе жатат. Дүйнө жүзүндө канча миллиард эл болсо ошолордун түшүнө кирбей кыргыздын түшүнө кирип, биздин каныбызда келе жаткан манасты кара сөз түрүндө элге жеткирүү бул абдан чоң кубантарлык иш. YouTube каналыңдын көрүүчүлөрү мындан ары да көбөйө беришине тилектешмин”, - деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Манас” эпосунун сакталышы, жаңы муунга жеткирилиши жана эл аралык деңгээлде жайылтылышы боюнча пикир алмашып, мындан аркы аракеттерди талкуулашты. Улуттук “Манас” академиясынын жана “Манас” театрынын өкүлдөрү бул материалдар илимий, көркөм жана маданий иштерде кеңири колдонуларын билдиришти.