Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан жылдык отчеттук концерт уюштурулду.
"Балажан — бакыт ыргагы" аттуу концертте таланттуу балдар жана кыздар ар улуттун бийин бийлеп, комузда кол ойнотуп, ансамбль менен күү чертип, ыр ырдап, спорттогу жетишкендиктери сыяктуу өзгөчө өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Бул саамалык мекеменин 40 жылдык мааракесине туш келди. Салтанаттуу концерт балдардын чыгармачылыгын, улуттук маданиятты жана искусствону даңазалоого багытталган. Иш-чарага мугалимдер, ата-энелер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.
Белгилей кетсек, "Балажан" республикалык борбору 1986-жылы түзүлгөн. Учурда борбордо 2500дөн ашуун окуучу ар кыл чыгармачылык багыттар боюнча билим алып, таланттарын өнүктүрүп, Кыргызстандын желегин дүйнөнүн туш тарабында желбиретип келишет.