MANAS CUP 2025: Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Бахрейнди жеңди

Спорт Загрузка... 13 Ноябрь 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Күн мурун Манас шаарында эл аралык MANAS CUP 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши старт алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Анда Кыргызстандын олипиадалык курамасы алгачкы беттешин Бахрейн курамасына каршы өткөрүп, 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгундө эсеп санын Арсен Шаршенбеков теңеди. Ал эми 42-мүнөттө Антон Полев дагы бир гол киргизди.

Аталган мелдеште Кыргызстан, Россия, Иран жана Бахрейндин курамалары күч сынашып, беттештер Манас шаарынын "Курманбек" стадионунда өтүүдө.

Белгилей кетсек, турнирдин максаты жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзүү болуп саналат. Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.

Олимпиадалык курама киийнки беттешин 15-ноябрь күнү Иранга, ал эми 18-ноябрь күнү Россияга каршы өткөрөт.