"Манас" аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылы ачылат: Курулуштун жүрүшү текшерилди

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Күн мурун курулуш министри Нурдан Орунтаев жана “Кыргызстан аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов “Манас” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплекси боюнча курулуш иштеринин жүрүшүн текшеришти.

Министрликтен билдиришкендей, мониторинг учурунда долбоордун негизги этаптары, курулуштун ылдамдыгы, сапаты жана курулуштун мөөнөт тартиби боюнча маселелер талкууланды.

Жаңы комплекс эл аралык талаптарга жооп берген, кенен жана технологиялык шарттагы терминал болуп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Заманбап аэровокзалды 2026-жылдын жайында пайдаланууга берүү пландалууда.

Эскерте кетсек, учурда курулушка байланыштуу аэропорттун имаратына жүргүнчүлөр гана кире алат.