"Манас" аэропортунун учуу-конуу тилкесине төшөлгөн асфальттын сапаты текшерилди

Коом 21 октябрь 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-10-21 at 16.02.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-21 at 16.02.38.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-21 at 16.02.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-21 at 16.02.38.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курул

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесине төшөлгөн жаңы асфальт-бетондун сапатына сыноо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курпулуш министрлиги билдирет.

Текшерүүнүн алкагында адистер битумдун жана асфальт-бетондун өзөктөрүнүн үлгүлөрүн алып, аларды физика-механикалык көрсөткүчтөр боюнча кийинки сыноолорго даярдашты.

Жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгы боюнча материалдардын сапаты белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоочу сыноо протоколу даярдалат.

Алынган маалыматтар учуу-конуу тилкесинин ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүүлүгүн баалоо үчүн колдонулат, бул анын коопсуз жана узак мөөнөттүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.