“Манас” аэропортунун кире бериши ачылды

Коом Загрузка... 12 Июль 2026 23:07

Бишкек, 12.07.26. /Кабар/. Бүгүн ”Манас” эл аралык аэропортунун негизги кире бериши жүргүнчүлөр жана коноктор үчүн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу ”Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, кире бериштин ачылышы менен бирге эле аэровокзал комплексинин имаратын масштабдуу реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери кызуу уланууда.

Жаңыланган кире бериш бөлүгү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана аэропортко кирүүдөгү кезек күтүүлөрдү азайтууга өбөлгө түзөт. Ал эми калган тилкелердеги оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.