“Манас” аэропортунда ЖИ менен жабдылган чек ара бекеттери иштөөдө

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Манас” эл аралык аэропортунда заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы муундагы чек ара бекеттери орнотулду. Алар жасалма интеллект, жүздү таануу, документтердин аныктыгын текшерүү жана автоматтык котормо системалары менен жабдылган. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунда “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жаңы бекеттер Чек ара кызматы менен биргеликте сатып алынып, алгач “Манас” аэропортунда колдонууга берилген. Учурда ушундай эле жабдууларды "Ош" эл аралык аэропортуна орнотуу иштери жүрүп жатат.

“Бул — заманбап талаптарга жооп берген көп функциялуу бекеттер. Алардын айланасына көзөмөл камералары орнотулуп, чек ара кызматкерлеринин коопсуздугу да эске алынган. Мындан тышкары, жасалма интеллектке негизделген котормо системасы бар. Ал 50гө жакын тилди которууга мүмкүнчүлүк берет”, — деди ал.

Ошондой эле жаңы бекеттерде документтердин аныктыгын текшерүүчү атайын жабдуулар, жүздү таануу жана манжа изин алуу системалары каралган. Мындан тышкары, чек ара кызматкерлеринин атайын мөөрлөрүн жана жабдууларын сактоочу жайлар да бар.

Самидинов белгилегендей, мурда аэропортто жөнөкөй конструкциядагы көзөмөл бекеттери колдонулса, жаңы жабдуулар чек ара көзөмөлүнүн коопсуздугун жана кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга багытталган.