“Манас” аэропортунда 40 миң чарчы метрлик жүк терминалы курулат

Коом
“Манас” аэропортунда 40 миң чарчы метрлик жүк терминалы курулат
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунда 40 миң чарчы метр аянтты ээлеген заманбап жүк терминалын куруу пландалууда. Долбоор Кытайдан келген жүктөрдү Кыргызстан аркылуу Европага жана Жакынкы Чыгышка жеткирүүчү эл аралык логистикалык борборду түзүүгө багытталган. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунда “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, терминалды аэропорттун өз каражатынын эсебинен куруу каралууда. Долбоордун алкагында А жана В класстагы бонддук кампалар салынат. Алар эл аралык логистикалык компаниялардын талаптарына жооп берип, ар кандай жүктөрдү сактоого ылайыкташтырылат.

“Жөн гана кампа куруп коюу жетишсиз. Эл аралык логистикалык компаниялардын өз стандарттары бар. Аларга жооп берүү үчүн лабораториялар, атайын сактоочу жайлар каралышы керек. Мисалы, кооптуу жүктөрдү, медициналык препараттарды, тез бузулуучу азыктарды жана өсүмдүктөрдү сактоого ылайыктуу шарттар түзүлүшү зарыл. Ошондой эле айрым жүктөр үчүн стерилдүү бөлмөлөр болушу керек”, — деди Самидинов.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын географиялык жайгашуусу мындай логистикалык борборду түзүүгө ыңгайлуу шарт түзөт. Өлкө Кытай менен чектешип, Жакынкы Чыгыш жана Европа багыттарына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Долбоордун негизги идеясы — Кытайдан Кыргызстанга жүктөрдү автоунаа менен ташып келип, “Манас” аэропортундагы бонддук кампаларга жайгаштыруу. Анда товарлар топтолуп, зарыл болгон учурда аба транспорту аркылуу башка өлкөлөргө жөнөтүлөт. Мындай ыкма жүк ташуунун жалпы чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.

Самидиновдун маалыматына караганда, бул демилге кытайлык өнөктөштөрдүн жана ири эл аралык логистикалык компаниялардын кызыгуусун жараткан. Ушул аптанын аягында “Кыргызстан аэропортторунун” өкүлдөрү Кытайга барып, ал жактагы ири аэропорттордун жүк терминалдарынын иши жана эл аралык стандарттары менен таанышат.

Анын айтымында, чет элдик компаниялар кызматташууну баштоодон мурда кампалардын шарттарын өз алдынча текшерип, аудит жүргүзүшөт. Бардык талаптар аткарылган учурда гана алар терминалдан орун ижарага алып, ишин баштай алышат.