"Манас" аэропортуна барчу альтернативдик жаңы жол июлда ачылат

Коом 17 июнь 2026 10:30
1781624099 (1).jpeg
1781624094 (2).jpeg
1781624083.jpeg
Алдыга
Артка
1781624099 (1).jpeg
1781624094 (2).jpeg
1781624083.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Борбор калааны "Манас" эл аралык аэропорту менен байланыштыра турган альтернативдик унаа жолунун курулушу уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө объектте курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Алсак, асфальт-бетон төшөөгө даярдык көрүү, инженердик коммуникацияларды тартуу жана бордюрларды орнотуу иштери аткарылып жатат.

Курулуш иштерин ушул жылдын июль айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Жаңы жол транспорттук тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, аэропорт менен ыңгайлуу жана тез каттамды камсыздоого, ошондой эле азыркы иштеп жаткан жолго түшкөн унаа жүгүн азайтууга багытталган.