"Манас" аэропорту комплекстүү модернизациялоодон өттү – сүрөт

Коом 7 октябрь 2026 15:35
6ac5ef325e256-thumb.jpeg
6ac5ef33c65af-thumb.jpeg
6ac5ef34b1b61-thumb.jpeg
6ac5ef34ba70f-thumb.jpeg
6ac5ef35c5eee-thumb.jpeg
6ac5ef340c30b-thumb.jpeg
6ac5ef353084f-thumb.jpeg
6ac5ef3441700-thumb.jpeg
6ac5eef441ddc-thumb.jpeg
6ac5ef325e269-thumb.jpeg
6ac5ef3342fa0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ac5ef325e256-thumb.jpeg
6ac5ef33c65af-thumb.jpeg
6ac5ef34b1b61-thumb.jpeg
6ac5ef34ba70f-thumb.jpeg
6ac5ef35c5eee-thumb.jpeg
6ac5ef340c30b-thumb.jpeg
6ac5ef353084f-thumb.jpeg
6ac5ef3441700-thumb.jpeg
6ac5eef441ddc-thumb.jpeg
6ac5ef325e269-thumb.jpeg
6ac5ef3342fa0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнүн 93 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы “Манас” эл аралык аэропортунун жаңыланышы – Кыргызстандын жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулуусунун көрүнүктүү символу экенин, 2026-жыл кыргыз авиациясы үчүн өзгөчө жыл болгонун билдирди.

“Биз аэропортторду жаңылоо менен Кыргызстандын авиациялык системасын жаңылап жатабыз. “Манас” эл аралык аэропортунда аэродромдун элементтери жаңыланып, жарык берүүчү системалар модернизацияланды. “Манас-2” аэробекет комплекси толугу менен реконструкцияланды.

Ошондой эле “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунда жаңы, заманбап аэробекет комплекси курулууда. “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу жүрүп жатат. “Каракол”, “Нарын”, “Кербен”, “Казарман” жана “Талас” аэропорттору жаңыланып, кайрадан ишке берилди. Бул иштердин баары бир максатка – Кыргызстандын аймактарын бири-бирине жана дүйнөгө жакындатууга багытталган. Биздин авиапарк да жаңыланууда. “Asman Airlines” авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Биз улуттук авиакомпаниябыздын атаандаштыкка жөндөмдүү болушун каалайбыз”, — деди Адылбек Касымалиев.