"Манас" аэропорту ИАТА кодун расмий түрдө алмаштырды

Коом Загрузка... 11 Август 2025 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Бүгүндөн тарта «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө IATA кодун өзгөртөрттү.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКдан билдиришкендей, эми FRU`нун ордуна BSZ колдонулат.

Буга чейин код 9-августтан тарта алмаштырылары айтылган.

Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылат жана 9-майында жөнөтүлгөн кабарлоодон тарта 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.

WhatsApp_Image_4YgvJ9q.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Жаңы кодго өтүүгө байланыштуу компания бардык системалардын туруктуу иштешин жана каттамдарды туура тейлөөнү камсыз кылуу үчүн техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплексин ишке ашырууда.