"Манас ааламы" санарипте. Өлкөдө алгачкы виртуалдык музей ачылды

Маданият Загрузка... 18 Февраль 2026 15:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Манас" улуттук академиясы

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. "Манас" улуттук академиясы тарабынан "Манас ааламы" аталышындагы виртуалдык музей ачылды.

Академиядан билдиришкендей, иш-чара борбор калаадагы Технопарктта уюштурулуп, алгач "Манас ааламы – 2025" аттуу масштабдуу көркөм өнөр сынагына катышкан эмгектердин көргөзмөсү менен башталды.

Бул виртуалдык музей президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун ишке ашыруу жана "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек") ар тараптан изилдөө жана дүйнөлүк деңгээлде даңазалоо максатында түзүлгөн.

Долбоор улуттук мурасты санариптик форматта жайылтып, көркөм жана чыгармачылык эмгектерди кеңири коомчулукка жеткирүүгө багытталган.

"Манас ааламы – 2025" сынагынын алкагында жаралган мыкты эмгектер виртуалдык музейге жайгаштырылып, улуттук баалуулуктарды заманбап көркөм чечмелөө аркылуу чагылдырганы менен айырмаланды.