Мамытов: Үч өлкөнүн чек араларынын кесилишкен чекити боюнча келишим коңшулук алакаларды бекемдөөдө маанилүү кадам

Пикир Загрузка... 31 Март 2025 21:27
NazarNews_132580507.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюу чек ара маселелерин чечүүдө гана эмес, аймактагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоодо да маанилүү кадам болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, кесилиш чекиттерди жана чек араларды аныктоо чыңалуунун жана чыр-чатактын негизги себептеринин бирин чечет.

"Бул чек ара аймактарындагы туруктуулукка жана коопсуздукка шарт түзөт. Түбөлүк достук декларациясына биргелешип кол коюу тынчтыктын өкүм сүрүүсүнө карата тараптардын саясий эркинен кабар берет. Бул мамлекеттердин талаштуу маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экендигинин да белгиси. Чек аралар жөнгө салынгандан кийин инфраструктура, соода, туризмди жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө, терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болот", - деди ал.

Ошондой эле Токон Мамытов бул келишим Кыргызстандын беделине да таасирин тийгизерин айтты.

Мамытов белгилегендей, талаштуу маселелерди дипломатиялык жол менен чечүү Кыргызстандын эл аралык укукка жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү ыкмаларына берилгендигин көрсөтүп турат. Мындай сүйлөшүүлөргө активдүү катышуу жана бир пикирге келүү Кыргызстандын регионалдык саясаттын жоопкерчиликтүү жана жетилген катышуучусу катары позициясын бекемдейт.

"Чек арадагы туруктуу кырдаал өлкөнү инвесторлор үчүн, өзгөчө транспорт жана энергетика тармактарындагы жагымдуулугун арттырат. Күчтүү региондук позиция Кыргызстанга Борбор Азиянын кызыкчылыгын көрсөтүү менен эл аралык форумдарга жана демилгелерге активдүү катышуусуна жардам берет", - деп эсептейт Мамытов.