Чек ара маселеси чечилсе, автоматтуу түрдө саясий, экология, суу, жайыт маселелери да чечилет - Мамытов

Пикир Загрузка... 12 Март 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.59.05.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси чечилсе, демек автоматтуу түрдө саясий, экология, суу, жайыт маселелери да чечилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине КР Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселесинин чечилиши менен көзөмөл өткөрүү жайларынын иштөөсү, соода-сатык маселелери да жөнгө салынмакчы.

“Жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча комиссияларынын жетекчилери жолуккан, андан кийин өкмөт башчылары жолукту. Ушул жетекчилер чек ара такталып тиешелүү документтерге кол коюлгандыгы боюнча президенттерге толук маалымат беришкен. Ушундан кийин эки өлкөнүн президенттери жыйынтыкташ үчүн жолугушушу зарыл. Ушул себеп менен Тажикстандын президентти Бишкекке келүүдө.

Эки мамлекеттин ортосундагы түз мамиле эки өлкөнүн гана эмес, жалпы Борбор Азия мамлекеттеринин достугун бекемдейт. Борбор Азиянын элдери, саясатчылары, жана эксперттери азыркы заманбап коркунучтарга каршы “Борбор Азия оюнчусу” деген жаңы саясий терминди дүйнө жүзүнө чыгарабыз деген үмүт менен турушат”,- деди Токон Мамытов.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.