КРнын Коопсуздук Кеңешинин мурунку катчысы Токон Мамытов “Кабар” агенттигине берген маегинде эки өлкөнүн президенттеринин колу коюлган, парламенттери ратификациялаган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимди “Региондогу туруктуулук менен узак убакытка созулган тынчтык бекемделди” – деп сүрөттөдү. Учурда Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору кызматын аркалап жаткан эксперт биздин редакциянын бир катар суроолоруна жооп берип жатып, регионалдык кызматташтыкты бекемдөөдө чек арадагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуу маанилүү экендигин баса белгиледи.
– Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара жана келишимди макулдашуу боюнча бардык юридикалык процедураларды аягына чыгарды. Мунун региондун коопсуздугу жана өнүктүрүү боюнча мааниси канчалык?
– Чек араны так бөлүштүрүп алуу чыңалууну азайтууга жана боло турчу жаңжалдардын алдын алууга көмөктөшүп, Борбор Азиядагы стратегиялык коопсуздукка оң таасирин тийгизет. Андан сырткары, суу жана энергетикалык ресурстарды биргеликте колдонуу жөнүндөгү келишим, транспорттук инфраструктураны куруу экономикалык кызматташтыкты жана өлкөлөр арасындагы ишенимди бекемдейт.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар чек аранын жөнгө салынбаган делимитация жана демаркация маселелеринен, суу ресурстарына, жайыттарга жана жолдорго байланышкан талаш-тартыштардан улам чыгып турган. Мисал үчүн, “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайындагы сууну колдонуудагы пикир келишпестиктер көп учурда жаңжалдын себеби болуп келчү. Мына ушундай сыяктуу араздашуулардын алдын алуу максатында чек араны так бөлүштүрүүчү жана суу ресурстарын колдонуудагы бирдей эрежелерге багытталган келишимдерге кол коюлду десек жаңылышпайбыз.
– Талаш-тартыштарды жөнгө салуунун саясий-дипломатиялык жолу жеңил болгон жок. Бирок, ошентсе да консенсус аркылуу максатына жетти. Албетте бул бат эле ишке аша калган жок. Бирок, тынчтык менен ишенимди бекемдөө үчүн аракет кылууга туура келди. Биз муну канчалык деңгээлде ишке ашыра алдык?
– Калктын илгертен бери жуурулушуп жашап калышын жана советтер союзунда так коюлбай калган чек араларды эсепке алганда, талаш-тартыштын созулуп келгендигинин башкы себеби чек аранын делимитациясынын жана демаркациясынын татаалдыгы болуп саналат. Андан сырткары, суу, жайыт сыяктуу чектелүү жаратылыш ресурстарына болгон атаандаштык чек ара маселесин тезирээк чечүүгө тоскоолдук жаратып келди.
Чек ара келишимдерине кол коюлушу аталган маселелерди биротоло жөнгө салуунун жана түбөлүккө созулган тынчтыкты орнотуунун, чек арага жакын жайгашкан аймактарга тынчтыкты орнотуунун маанилүү кадамы болуп саналат.
Чек ара маселелерин чечүүнүн узак убакытка созулуп келиши чыңалуунун жана эки өлкөнүн ортосундагы убак убагы менен болуп туруучу пикир келишпестиктердин башкы себеби болчу. Кол коюлган макулдашуулар куралдуу жаңжалдарды азайтып, мамлекеттер арасындагы ишенимди бекемдей тургандыгы анык. Чек аралардын так белгилениши коопсуздук жаатындагы координацияны жакшыртууга, транс чек аралар аралык коркунучтарга биргелешип каршы турууга өбөлгө түзөт.
– Эми экономикалык мамилелер жөнүндө айта турган болсок, көпчүлүк эксперттер чек ара боюнча пикир келишпестиктердин чечилиши кеңири багыттарда кызматташууга жол ачат дешет?
– Чек ара маселелеринин жөнгө салынышы соода-сатык алакасын жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп берет. Келишимде унаа жолдорун куруу жана аларды колдонуу маселелери каралган. Ал транспорт инфраструктурасы менен өлкөлөр арасындагы логистиканы жакшыртат. Андан сырткары, суу-энергетикалык объектилер боюнча макулдашуу, айыл чарбасы жана эки өлкөнүн тең энергетикасы үчүн маанилүү болгон ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздайт.
– Ал эми регионалдык масштабдан карай турган болсок?
– Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиленин турукташуусу Борбор Азиянын жалпы коопсуздугуна жана экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет. Чек ара маселесин диалогго баруу жана кызматташуу аркылуу ийгиликтүү чечип алуу - мындай көйгөйү бар региондогу башка өлкөлөр үчүн үлгү болушу мүмкүн. Ал мындан сырткары интеграциялык процесстерди бекемдөөгө жана региондун инвестициялар үчүн кызыктуулугун арттырууга таасир бере алат.
– Жерлерди алмашууга сиз кандай карайсыз? Мисалы, эми талаштуу тилкелерде жана чек арага жакын жайгашкан жерлерде жашаган элди көчүрүү керек болууда.
– Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев коомчулукту жана Жогорку Кеңешти кыргыз өкмөтү көрүп жаткан чаралар менен анын ичинде жер тилкесин бөлүп берүү, жардам көрсөтүү иштери жөнүндө маалымдады. Биздин бийлик буга чейин эле мындай маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чече аларын көрсөткөн. Мындан кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн деп ойлобойм.