Маморгандардагы негизсиз отчеттор кыскартылат - Кадыралиев

Коом 29 май 2025 15:40
Маморгандардагы негизсиз отчеттор кыскартылат - Кадыралиев
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Мамлекеттик органдардын жүгүн жеңилдетүү максатында негизсиз отчеттор кыскартылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-аракеттер ведомстволор аралык коммиссиянын чечиминин негизинде расмий статистикалык отчеттуулукту оптималдаштыруу, респонденттерге административдик жүктү азайтуу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүүлүдө.

“Өзүңүздөр көрүп жүргөндөй эле, кайталанма окшош отчеттор кайра-кайра бериле берет. Буга карата пландуу текшерүүнүн бирдиктүү реестерин чыгаруу керек”,-деди ал.

Юстиция министри Аяз Баетов белгилегендей, текшерүү жүргүзгөн комиссиялардын өкүлдөрү баары биригип бир ирет текшерүү жүргүзсө жетиштүү.

“Биз ошондой эле иш сапарларындагы текшерүүлөрдү кыскартууну сунуштап жатабыз”,-деди ал.