Мамлекеттүүлүктүн пайдубалы: Кыргыз АССРинин 100 жылдыгы белгиленди

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын (АССР) түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Өткөндү урматтоо — келечекке жол ачуу” маданий-агартуу иш-чарасы өттү.

Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чара Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде уюштурулуп, ага тарыхчылар, окумуштуулар, коомдук ишмерлер, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Анда ошондой эле, Кыргыз АССРинин түзүлүшүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндөгү орду, улуттук тарыхты сактоо жана муундар ортосундагы байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Катышуучуларга Аалы Токомбаевдин чыгармаларынын көргөзмөсү, архивдик сүрөттөр жана тарыхый документтер сунушталып, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу хронологиясы” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.