Мамлекеттин беделине көлөкө түшүрбөй, адилеттүү чечим чыгарышыбыз керек - Шайназаров

Шайлоо Загрузка... 02 Декабрь 2025 22:37
WhatsApp Image 2025-11-30 at 15.06.50 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Мамлекеттин беделине көлөкө түшүүсүнө жол бербей, адилеттүү чечим чыгарышыбыз керек. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал белгилегендей, добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат.

Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланууда. Ал видео фактылардын көпчүлүгү ИИМде да бар.

Тынчтык Шайназаровдун айтымында, учурда Боршайкомдун дарегине келе электери социалдык тармактардан алынып, териштирүү башталды. Ага жараша тиешелүү чечим кабыл алынат.

"Айрыкча социалдык тармактарда “БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!” деген сын-пикирлер айтылууда.

Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз.

Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам", - деди ал.