Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк рейтинги боюнча Кыргызстан 22-орунду ээледи

Экономика Загрузка... 29 Декабрь 2025 16:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк рейтинги боюнча Кыргызстан 22-орунду ээледи. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өлкө 68-орунда жайгашкан.

WhatsApp Image 2025-12-29 at 09.44.52.jpeg
“Ишке ашырылып жаткан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун негизинде Кыргызстан 68-орундан 22-орунга көтөрүлүп, 434 млрд сомдон ашык суммага 90дон ашык долбоордон турган портфель түзүлдү. 2025-жылдын 11 айында эле 3,8 млрд АКШ долларынан ашык суммага жеке инвестицияларды тартууну камсыз кылган 13 келишимге кол коюлду”, - деп белгиледи Сабиров.

Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында 2025-жылы тартылган инвестициялардын көлөмү боюнча рекорддук көрсөткүчтөргө жетишилгенин айтты.

"Транспорт, социалдык, билим берүү, экологиялык жана агрардык тармактарда маанилүү келишимдерге кол коюлду. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору институционалдык базаны активдүү өнүктүрүүдө, кадрдык потенциалды күчөтүүдө жана санариптик чечимдерди киргизүүдө, бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги куралы катары ролун мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деп кошумчалады агенттиктин башчысы.