Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) өлкөнүн өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноодо. Борбор мамлекеттик объектилерди куруу жана жаңылоо, туризмди, социалдык чөйрөнү, энергетиканы жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында ондогон долбоорлорду ишке ашырууда. Учурда борбордун портфелинде жалпы көлөмү 434 миллиард сомдон ашкан 90дан ашык долбоор бар.

Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) мамлекеттик объектилерди куруу жана модернизациялоо, туризмди жана спортту өнүктүрүү, социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы долбоорлорду ишке ашырып келет.
Борбордун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө анын долбоордук портфелинде жалпы инвестициялык көлөмү 434 миллиард сомдон ашкан 90дон ашык долбоор бар. Алардын ичинен 60 долбоор ишке ашуу стадиясында, ал эми 30 долбоор даярдоонун ар кандай баскычтарында турат.

МЖӨнүн Долбоорлорду тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн башчысы Каратай Жангелдиевдин билдирүүсү боюнча, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк — бул мамлекет менен жеке ишкерлердин биригип, элге керектүү долбоорлорду ишке ашыруусу.
“Мисалы, мектеп, оорукана же жолдор курулушу керек болсо, мамлекет бул ишти жалгыз кылбай, жеке компания менен өнөктөш болот. Мамлекет — жоболорду, максаттарды жана кээде каражатты берет, ал эми жеке компания — тажрыйбасын, акчасын же курулуш иштерин алып келет. Экөө биригип, элге кызмат кыла турган жакшы долбоорду ишке ашырышат”,-деди ал.
Ошондой эле, бөлүм башчынын айтуусу боюнча өнөктөштүк түзүлгөндөн тарта транспорт, энергетика жана саламаттык сактоо тармактарында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып келет.
“Баарыбызга белгилүү болгондой, 2024-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде курулган алгачкы Өзгөн шаарынын айланма жолу курулган. Мындан тышкары, учурда Төө-Ашуу ашуусунда альтернативалуу туннель куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча токтом кабыл алынды. Бул долбоордун инвестициялык көлөмү болжол менен 600 млн АКШ долларын түзөт. Ошондой эле бизде энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) боюнча да долбоорлор бар. Атап айтканда күн электр станциясын жана шамал электр станцияларын куруу пландаштырылууда. Бул долбоорлордун наркы 100-150 млн АКШ долларын түзөт. Бул долбоорлор өлкө үчүн флагмандык мааниге ээ. Ал эми транспорт тармагына токтоло кетсек, учурда Бишкек–Күн-Туу–Белогорка–Суусамыр автожолун куруу долбоору боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө консультанттар долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгышууда”,-деп белгиледи ал.

Жангелдиев билдиргендей, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми ар түрдүү тармактарда колдонулат. Мыйзамга ылайык, МЖӨ - менчиктештирүү, мамлекеттик сатып алуулар жана жер казынасын пайдалануу тармактарына колдонулбайт. Бирок МЖӨнүн өнүгүү статистикасында транспорт, энергетика жана саламаттык сактоо тармактары алдыда бар. Ошол эле учурда, башка тармактарда да МЖӨ долбоорлорунун саны көбөйүүдө. Айрыкча айыл чарба тармагында бул өнөктөштүктүн колдонулушу тездик менен өсүп жатканын белгилеп кетүү зарыл”,-деди.
Андан сырткары, бөлүм башчынын айтымында долбоорлор томөндөгүдөй этаптар менен ишке ашырылат:
1) Долбоорду демилгелөө;
2) Долбоорду даярдоо;
3) Жеке өнөктөштү тандоого конкурс өткөрүү;
4) МЖӨ жөнүндө макулдашуу жана аны ишке ашыруу баскычтарынан турат.
Мөөнөтүн 49 жылга чейин түзсө болот. Финансы-экономикалык жана юридикалык анализдин натыйжасында каралып, ишке ашырыла баштаганда мамлекеттик өнөктөш мониторинг жүргүзөт”-деди ал.

“Бүгүнкү күндө МЖӨ - мамлекеттик инфраструктуралык жана кызмат көрсөтүү долбоорлорун ишке ашырууда жеке каржыны тартуунун натыйжалуу жолу экенин көрсөттү. Ошондой эле региондордо да ал активдүү өнүгүүдө. Көптөгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аны улам көбүрөөк колдоно башташты. Биз да борбордун атынан аймактарга активдүү чыгып, жолугушууларды жана тренингдерди өткөрүүгө аракет кылып келебиз. Дал ушундай жолугушууларда жана тренингдерде ар түрдүү демилгелер жаралып, кийин МЖӨ долбоорлоруна айланууда.
МЖӨ долбоорунда чет элдик инвесторлорго мамлекет чоң колдоо көрсөтүүдө. Уруксат документтерин алуу жеңилдетилип, компанияны Кыргызстандын аймагында каттоо жана кошумча нарк салыгынан бошотуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле, чет элдик инвесторлор жергиликтүү инвесторлор сыяктуу эле жеке өнөктөштү тандоо процессине катыша алат”,-деп кошумчалады ал.

Жангелдиев ошондой эле, мекеменин келечек пландары тууралуу айта кетти.
“Менин оюмча, жакынкы 5–10 жыл ичинде МЖӨ инфраструктуралык долбоорлорду жана кызматтарды ишке ашыруунун негизги куралдарынын бири болуп калат. Мамлекет бара-бара жеке сектордун колдоосу менен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу кыйла жеңил, ыңгайлуу жана тобокелчилиги аз экенин түшүнө баштады. Ошондуктан жакынкы 5–10 жыл ичинде өлкөдө МЖӨ механизмин өнүктүрүүгө багытталган өзүнчө пландар иштелип чыгат деп ишенем. Ошондой эле, көрсөткүчтөр кыйла жогорулайт, анткени 2021-жылы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан кийин долбоорлордун саны 3төн 60ка чейин көбөйгөн — болгону 4 жылдын ичинде. Эгерде биз жеке секторду активдүү тартуу жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти улантсак, анда МЖӨ механизмин колдонууда региондо алдыңкы орунду ээлей алабыз деп ойлойм”,-деди ал.

Ал эми экономист Эркин Абдразаков “Кабар” агенттигине өз оюн билдирип жатып, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк дегенди мен мамлекеттин жергиликтүү бийликтерди жана жеке ишкерлерге колдоого алган, жумуш ордун түзүүчү, бюджеттин салыгына жакшы таасир этүүчү долбоор деп эсептейм. Муну республикалык деңгээлде ала турган болсок, аймактарды өнүктүрүү максатында министрликтер болобу, жеке ишкерлер болобу же чет элдик инвесторлор болобу өз салымын кошуп, 30% өздөрү төлөсө, 70% мамлекеттен алып же болбосо жарым-жартылай кылып, долбоорлордун маанилүүлүгүнө, көлөмүнө жараша ишке ашырып жатышат. Ал эми жергиликтүү өндүрүштөгү долбоорлорду болсо көбүнчө социалдык объектилерге, инфраструктураларга жеке жарандар, коомчулуктар өз салымын салуу менен ишке ашырып жатышат. Мисалы, биздин Ош шаарында көчөлөрдүн дээрлик баарына асфальт төшөлдү, суу алып келип жатышат. Атап айтканда 50% өздөрү төлөп, жарымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен алышып, мамлекет менен жеке тараптардын ортосундагы өнөктөштүктүн негизинде ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Аймактардын дагы шарттары ар кандай болгондуктан, аларга дагы жардамы жакшы болууда. Андыктан, бул өнөктөштүктүн келечеги кең деп эсептейм”,-деди экономист.