Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк 80дей ири долбоорлорду ишке ашырууда . Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик- жеке өнөктөштүк борборунун Мамлекеттик- жеке өнөктөштүк долбоорлорун тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн улук эксперти Карина Бактыбекова билдирди.
Анын айтымында, инвестициялардын жалпы көлөмү 5 млрд долларды түзөт. Алардын ичинен 50дөн ашууну ишке ашыруу стадиясында, ал эми 30 жакыны даярдоо этабында турат.
“2025-жылдын I кварталында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мамлекеттик органдар менен 9 келишимге кол койду. Долбоорлор өлкөнүн ар түрдүү - саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, энергетика жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында ишке ашырылып жатат”,-деди ал.
Ал белгилегендей, 9 долбоордун масштабдууларынын бири “Транс Евразиялык маршрут. Бул долбоор америкалык компания жана “Кыргыз темир жолу” менен биргеликте Макмал-Каракол темир жолун салуу. Долбоордун инвестициялык көлөмү 3 млрд доллар.
“Мындан сырткары, дагы ири долбоорлорубуздун бирин айта кетейин. Жакында эле УТРК каналы менен Жалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарларына каналдын аймактык имаратын куруу боюнча келишим түздүк”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми - бул мамлекеттик сектор менен жеке инвесторлордун өз ара пайдалуу кызматташтыгы. Бул ыкма бюджеттик каражаттарга түшкөн жүктү азайтып, заманбап инфраструктураны тез арада курууга шарт түзөт.