Мамлекеттик жана менчик дарыканаларда дарылардын баасынын айырмасы 5%ды түзөт - Сурабалдиева

Ден соолук Загрузка... 24 Сентябрь 2025 18:18
1080127614_0_221_27.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик жана жеке менчик дарыканалардын ортосундагы баа айырмасы алгач 15%ды түзсө, учурда болжол менен 5%га чейин төмөндөдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов парламент жыйынында билдирди.

Депутат Элвира Сурабалдиева эгер баа айырмасы болбосо, бул дарыканаларды ачуунун зарылчылыгы бар беле деген суроо узатты.

"Эгерде жеке дарыканаларга салыштырмалуу айырма 5%дай болсо, анда эмне үчүн сиздерге 100 млн сомдон ашык каражат бөлдүк? Эгерде жарандар дары-дармектерди дээрлик бирдей баада, 50-70 сомдон айырма менен сатып алып жатса. Мен бул дарыканаларды жаап, пенсионерлерге субсидияларды жана жеңилдиктерди түзүүнү сунуштайм, анткени мамлекеттик дарыканалар учурда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө албай жатат", - деди ал.