Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты бааланууда

Коом Загрузка... 25 Август 2025 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 25.08.2025. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ички баалоо жүргүзүү башталгандыгын билдирет.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, алгачкы этапта Стандартташтыруу жана метрология борборунун жана Кыргыз аккредитация борборунун иши изилдене баштады.

Негизги милдеттер:

  • мамлекеттик органдардын ишиндеги күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо;
  • кызматтарды жарандар үчүн ыңгайлуу жана тез кылуу;
  • мамлекеттик органдардын ишинде ишенимди жана ачыктыкты жогорулатуу;
  • кызматкерлерге кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
  • ресурстарды натыйжалуу пайдалануу.

"Эң негизгиси — жарандардын пикири! Ар бириңиз мамлекеттик кызматтардын иши боюнча пикир калтырып же сурамжылоодон өтө аласыз. Сиздин сунуштарыңыз аларды дагы жакшыраак кылууга жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

Негизги максат — жарандардын муктаждыктарына багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын ачык, жеткиликтүү жана сапаттуу түзүү.