Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. 1-сентябрдан тартып айыл өкмөттөрдүн, облустук маанидеги шаар мэрияларынын жана райондук мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары, коэффициенти төмөн кызматкерлерге ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм каралды.
“Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде айыл өкмөттөрүнүн жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын кызматкерлери иштин татаалдыгына жараша 10 пайызга чейин гана үстөк акы алып келишкен. Учурда алардын айлык акысы борбордук аппараттар сыяктуу эле 50 пайызга көтөрүлдү. Алардын коэффициенти аз болгондуктан, президенттик компенсациялык төлөм катары 15 миң сомдон каралды. Эми 15 миң сомдон кошумча алышат”, – деди Өмүрзаков.
Ошол эле учурда 15 миң сомдук компенсациялык төлөм кызматкер эмгек өргүүсүнө чыкканда жана пенсияга эсептелүүчү төлөмдөрдү аныктоодо эске алынбай турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, мындай компенсациялык төлөмдөр үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып каралган.