Соттук-эксперттик кызмат Бишкекте 12 кабаттуу имарат курууга инвесторлорду чакырат

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 15:20
550444890_108864791.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 7 дареги боюнча жаңы имаратын куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөштү тандоо боюнча сынак жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды сынакка катышууга чакырат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, долбоор бийиктиги 12 кабаттан кем эмес жаңы имаратты курууну жана эксплуатациялоону карайт.

Сынакка катышуу үчүн квалификациялык суроо-талап менен агенттиктин сайтынан таанышууга болот.

Квалификациялык тандоого катышуу үчүн арыз конвертте жана ага тиркелген документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1 же курьердик почта аркылуу 2025-жылдын 17-октябры саат 18:00гө чейин.

Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматка тел.: 0 (312) 300 297 номери аркылуу же МЖӨ борборуна тел: 0 (312) 300 176 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.